Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:30

КСДП Бабановдун талапкерлигин колдоду


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков аталган фракция өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигинин колдогонун “Азаттыкка” билдирди. Учурда өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабановду премьерликке анын "Республика" фракциясы сунуштап жаткан.

Турсунбеков КСДП Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин төрагалыгына көрсөтүп жатканын, ал эми “Ар-намыстан” Абдырахман Маматалиев көрсөтүлгөнүн билдирди. Жакынкы саатта коалициялык көпчүлүктүн курамы тууралуу расмий маалымат берилерин кабарлады. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG