“Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун төрагасы Тургунбек Кулмурзаев бүгүн маалымат жыйында Кыргызстан Өзбекстан менен газ боюнча келерки жылга келишим түзө электигин, сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. Ал Ош шаарында Өзбекстандан келген газдын көлөмүнүн азайганын сууктун катуу түшүшү жана техникалык маселелер менен түшүндүрдү.
Кулмурзаев Казакстан менен газ боюнча майга чейин келишим бар экенин, бирок анын баасы кайра каралганы жатканын айтты. Азыр Кыргызстан Өзбекстандан газдын 1 миң кубун 305, ал эми Казакстандан 195 доллардан алат. "Кыргызстандын Өзбекстанга бересеси жок, бирок Казакстанга карызбыз", - дейт Кулмурзаев. (EBM)