Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Өкмөт башчылыкка Түлеевдин талапкерлиги да сунушталды


Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардан турган топ “Ата-Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеевдин талапкерлигин өкмөт башчылыкка сунуштап жатат. Мындан мурдараак аталган фракциянын лидери Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” оппозицияда калар-калбасы чечиле электигин айткан.

Бүгүн коалициялык көпчүлүктүн курамы жарыяланат. Андан кийин “жумшак рейтинг” аркылуу өкмөт башчы тандалмакчы. Азыр премьерликке “Ар-намыстан” Акылбек Жапаров, “Ата Мекенден” Равшан Жээнбеков, ал эми “Республикадан” Өмүрбек Бабанов көрсөтүлүүдө. Социал-демократтар фракциясы да Бабановдун талапкерлигин колдоо тууралуу чечим кабыл алды. (EBM)

XS
SM
MD
LG