Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Кытайлыктар Ошко темир иштетүүчү завод курууга кызыкдар


Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун жетекчилиги Ошко темир иштетүүчү завод курууга кызыкдар. Мындай сунушту алар Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалайбек Зикиров баштаган делегация 9-12-декабрь күндөрү Кызыл-Суу автономиялык облусуна иш-сапары менен барганда айтышкан. Облустук бийликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул завод кайсыл жерге курулаары жөнүндө сөз болгон жок. Эгер Кыргыз өкмөтү макул болсо, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң завод курулат. Кыргыз тарап Кытайга Кызыл-Суу автономиялык облусунун губернатору Пархат Турдунун атайын чакыруусу менен барган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG