Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

“Ата-Журт” оппозицияда калды


“Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн маалымат жыйында аталган фракция коалицияга кирбөө тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал президент Алмазбек Атамбаевди бийликти узурпациялап, коалициялык көпчүлүк куроо жана андагы кызмат орундарды бөлүштүрүү иштерине кийлигишип жатат деп айыптады. Ташиев буга жетиштүү фактылар бар экенин, “Ата-Журт” күчтүү оппозиция болоорун маалымдады. Президенттин маалымат кызматы мындай дооматтарга расмий комментарий бере элек.

Буга чейин “Ата Мекен” коалицияга кошулганын кабарлаган. Коалициялык көпчүлүк азыр КСДП, “Республика”, “Ар-Намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынан куралаары белгилүү болуп калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG