Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Москвада дагы митинг


Парламенттик шайлоонун кайрадан өткөрүлүшүн талап кылган демонстранттар бүгүн Москванын борборуна чогулушту. Уруксат берилген митингди “Яблоко” партиясы уюштурган. Бир жума мурун орус баш калаасында жана бир катар башка шаарларда СССР ыдырагандан кийинки эң ири демонстрациялар өткөн. 4-декабрда Мамлекеттик Думага шайлоону бийликтеги “Бирдиктүү Россия” партиясы жеңген. Премьер Владимир Путин жана президент Дмитрий Медведев кайра шайлоо өткөрүү талабын четке кагышууда. Думанын жаңы курамы келаткан шаршемби, 21-декабрда биринчи сессиясына чогулаары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG