Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Жаңы-Өзөнгө өзгөчө абал киргизилди


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен Жаңы-Өзөн шаарында эмки жылдын 5-январына чейин чукул кырдаал жарыяланды. Кечки саат 11ден таңкы саат 7 ге чейин комменданттык саат киргизилет. Жарлыкка ылайык, иш таштоо, нааразылык иш-чараларына, ар кандай коомдук оюн-зоокторго, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынат жана шаардын ичиндеги унаанын жүрүшү чектелет. Ошондой эле жарандардын документтерин, жеке буюмдарын, машинелерин текшерүүгө уруксат берилет. Кагаздарды көчүрмө жасаган жабдыктарды, радио жана тележабдыктарды, үн жана видео тарткан жабдууларды колдонууга тыюу салуу, же аларды чектөө каралган.


Бүгүн Назарбаев Жаңы-Өзөндөгү абал боюнча Коопсзудук кеңешинин жыйынын өткөрүп, массалык тартип бузуу үчүн жооптуу адамдар катуу жазаланаарын айтты.

Өлкө көз карандысыздыктын 20 жылдыгын белгилеп жаткан кезде башталган тополоңдо 10 кишинин мерт кетип, 75 кишинин жараат алганы расмий тастыкталган. Күбөлөрдүн айрымдары ырастагандай, куралсыз адамдарга ок атылган.

Шаар менен байланышуу мүмкүн болбой жатканы айтылууда.
Өлкөдө бир катар эркин вебсайттар ачылбай жатат. Алматыда бир нече активист кармалып, кийин кое берилгени маалымдалууда.
Бийлик баш аламандыктын артында “Өзөнмунайгаз” компаниясынын жумуштан кетирилген кенчилери турганын ырастоодо.

Кенчилер маяна көтөрүлүшүн талап кылып, май айынан бери иш таштап келишкен. Компания аны мыйзамсыз деп, миңге чукул жумушчуну иштен кетирген.

XS
SM
MD
LG