Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Актаудагы мунайчылар да аянтка чыкты


Казакстандын Маңгыс-Тоо облусунун борбору Актауда жүздөгөн киши Жаңы Өзөндөгү мунайчыларды колдоо иретинде борбордук аянтка чогулушту. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы аларды кайтарып турган полициячылар желим союл, автомат, калкандар менен куралданганын маалымдады.

Кечээ Шетпе станциясында полиция менен кагылышта 1 киши окко учканы тастыкталды. Башкы прокуратуранын ырастоосунда, “хулигандар” полиция менен кармаша кетип, 25 жаштагы бир жаран каза тапты, 10 чактысы жарадар болду.

Жума күнү тополоң чыккан Жаңы-Өзөн шаарында кечээ президент Назарбаевдин буйругу менен чукул кырдаал киргизилди.

Жаңы-Өзөндө 16-декабрдагы тополоңдон ажал тапкандардын саны бүгүн 13 кишиге жетти, 80ден ашууну жараланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG