Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

Бүгүн өкмөттүн жаңы түзүмүн тактоо уланат


Башкаруучу коалиция тарабынан премьерликке сунушталган Өмүрбек Бабановдун өкмөт түзүмү боюнча долбоору бүгүн кайрадан талкууга алынат. Жаңы түзүлгөн коалиция бул долбоорду өткөн ишемби күнү да талкуулап, бирок орток пикир табылган эмес. КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүн өкмөт түзүмүнүн акыркы варианты иштелип чыгууга тийиш. Долбоорго ылайык, Кыргызстандагы жыйырмага чукул министрликтин кеминде төрттөн бири кыскарары күтүлүүдө.

16-декабрда курамына КСДП, “Република”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фрациялары кирген жаңы коалиция түзүлгөн. Жаңы парламенттик көпчүлүк премьер-министрлик кызматка Өмүрбек Бабановду, спикерликке Социал-демократтартардан Асылбек Жээнбековду тандашкан. Эми коалиция өкмөттүн жаңы түзүмүн тактагандан кийин, өз чечимин Жогорку Кеңештин шаршемби күнкү жалпы жыйынына алып чыкмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG