Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:34

Чехияда аза күтүү күнү


Прагада миңдеген адамдар Вацлав аянты менен шаардын борборундагы Улуттук проспектиде шамдарды жагышты. Чехиянын башка шаарларында дагы Гавелди эскерүү акциялары өтүүдө.

Чехиянын туңгуч президенти Вацлав Гавелдин тажыясы 23-декабрда болот
Бул тууралуу чехтердин ЧТК маалымат агенттиги билдирет. Экс-президент менен коштошуу иш-чарасы кандай шартта өтөөрү азырынча айтыла элек. Гавелдин тажыясын өткөрүү боюнча мамлекеттик көмиссия түзүлдү. Вацлав Гавелдин сөөгү салынган табыт шаршембиден тарта Праганын Пражский Град бөлүгүндөгү Владиславский залына коштошууга коюлат.

Жекшембиде диссидент-жазуучу, Чехословакиянын коммунисттик режимин кулаткан "Баркыт" ыңкылабынын лидерлеринин бири, Чехиянын тунгуч президенти Вацлав Гавел 75 жаш курагында оорудан көз жумду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG