Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Маңгыс-Тоодо журналисттер кысымга кабылууда


«Азаттыктын» казак кызматы Маңгыс-Тоо облусунун Шетпе станциясына чет өлкөлүк журналисттер менен келген таанымал блоггер Мурат Тунгишбаев сабалганын билдирет. Ал бул жерге ишембиде полиция менен нааразылыкка чыккандардын кагылышуусу жөнүндө маалымат алганы келген.

«Азаттыктын» кабарчысы Kариз Тогузбаев Мурат Тунгишбаевди полициячылар журналисттердин көзүнчө жерге жыгып алып, токмоктоп, чекесине тапанча такап, документтерин тартып алышканын айтты.

Kариз Тогузбаевди дагы полиция кармоого аракеттенгенде, кесиптештеринин кийлигишүүсү менен гана бошонгон.

Оппозициялык «Республика» гезити Шетпе станциясына келген жергиликтүү жана чет элдик журналисттерди бийликтер полициянын коштоосунда атайын унаа менен Жаңы-Өзөн шаарына жеткиргенин кабарлады. Ал эми Жаңы-Өзөн менен телефон байланышы үзүлгөн.
XS
SM
MD
LG