Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Жалал-Абад: Убактылуу кармоо жайларында дарыгерлер жетишсиз


Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова Жалал-Абад шаарынан башка район-шаарлардын убактылуу кармоо жайларында медициналык кызматкерлер жок экендигин билдирди. Анын айтымында, убактылуу кармоо жайларындагылардын муктаждыктары үчүн дары-дармекке каражат бөлүнбөйт, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу жай жакшы ремонттолгон эмес. Аксы районундагы убактылуу кармоо жайында жаткандардын тамак-ашына бир күнгө 28 сомдон каражат каралган. ИВСтерге коюлуп жаткан видеокөзөмөл кыйноолордун дарек-жайын гана өзгөртүүсү мүмкүн, - деди Аманова.

Аксы районунун акими Кадыркул Өмүрбеков райондогу убактылуу кармоо жайына түшкөндөрдүн тамак-ашына күнүнө 38 сомдон каражат ажыратыларын жана райондук ички иштер
бөлүмүнүн башчысы буга дейре бөлүнүп келген 200-250 мин
сомдон эмес, жылына 500 минден каражат бөлүнсө талапка ылайык болоорун билдиргенин кабарлады. (YA)

XS
SM
MD
LG