Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

КМШнын мааракелик бейформал жыйыны өтөт


Бүгүн Орусиянын Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын мааракелик бейформал жыйыны өтөт. Уюмдун ырасмий сайты кабарлагандай, бул саммитте мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча документ талкууга алынмакчы. Ошондой эле күн тартибине КМШ аймагында келе жаткан жылды байланыш жана маалымат жылы катары жарыялоо сунушу коюлганы турат.

Буга чейин кабарлагандай, бүгүн Москвада Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун да саммити өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG