Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Геологдор жер байлыктары мыйзамын өзгөртүүгө каршы


Геологиялык кызмат жана Өнөр жайчылар гильдиясы “Жер байлыктары тууралуу” мыйзамга кошумча-алымча киргизүүнүн зыяндуу жактары тууралуу билдирүү таратты. Анда мыйзамдагы лицензия берүүнүн шарттарынын өзгөрүшү чалгындоо иштеринин таптакыр токтошуна алып келет деп айтылат. “Чалгындоо тобокелчилик менен коштолот жана инвестор салган каражаттын 95 пайызы кайра кайтпайт. Азыр Кыргызстанда 38 алтын жаткан кен бар аныкталган, бирок чалгыдоо иштеринин баары совет доорунда жүргүзүлгөн. Анын он чактысын гана казууга болот, калгандары кошумча чалгындоону талап кылат”, - деп айтылат билдирүүдө. Бүгүнкү күндө лицензиянын 84 пайызы издөө жана чалгындоо иштери үчүн берилет.

“Жер байлыктары жөнүндөгү” мыйзамга ушул жылы сентябрь айында кол коюлган. (EBM)

XS
SM
MD
LG