Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Жаңы-Өзөндөгү окуялардын кесепети кандай болот?


Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Шетпе шаарларында кагылышуулардан 15 киши каза тапты. Кыргызстанда мындай окуя 2002-жылы Аксыда, андан кийин 2010-жылы апрелде орун алган. Кыргызстандагы окуялар мамлекетте бийлик алмашуусуна алып келген. Казакстандагы окуя кандай натыйжаларга алып келиши мүмкүн? “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов, “Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Азиза Абдирасулова жана Казакстандын “Азат” Социал-демократиялык партиясынын лидери Амиржан Косаков катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




“Азаттык”: Амиржан мырза, Жаңы-Өзөн жана Шетпе жергесиндеги окуялар тентектер тарабынан жасалды деп расмий бийлик билдирди. Бул канчалык чындыкка жакын?

Амиржан Косаков: Биринчиден, бул маселеге көңүл бөлгөнүңүзгө чоң рахмат. Жаңы-Өзөндө болгон окуяларга байланыштуу азыр Казакстанда мамлекеттик аппарат куралдары тек гана бир жактуу расмий органдардын пикирин айтып жатат. Облуста биздин өкүлдөрүбүз бар.

Башаламандык учурунда жараат алгандардын бири, 19-декабрь, 2011-жыл
Башаламандык учурунда жараат алгандардын бири, 19-декабрь, 2011-жыл
Биринчиден, мунун баары бир күндө болгон жок, жети айдан ашык мунайчылардын пикирине кулак салбай, алардын талаптарын аткарбагандыктан болуп атат.

Экинчиден, мунун баарын тентектер деп айтуу туура эмес. Ушундан үч ай мурда мен Жаңы-Өзөндө болгом, ал жерден жумушчулар менен сүйлөшкөндө, алар өздөрүн өтө уюмчул, бирдиктүү болуп көрсөттү. Алар ар түрдүү провокацияга жол бербейбиз деген.

Ошондуктан биздин оюбузча бул жагдайды текшерүү үчүн көз карандысыз комиссия керек. Ал комиссиянын курамына укук коргоочулар, иш таштагандар кирип, баасын бериши керек. Кандай болгондо да, колунда мылтыгы жокторго ок атуу болбойт. Адамды өлүмгө келтирбей турган башка да жол бар. Ошондуктан бул жерде бийлик өзү күнөөлүү деп билебиз.

“Азаттык”: Жаңы-Өзөндөгүдөй кырдаал Кыргызстанда мындан тогуз-он жыл мурун Аксыда орун алган эле. Параллель келтирүү канчалык ылайык?

Осмонакун Ибраимов: Ал жерде көпкө чейин тирешүү болуп, ок атылып кеткени чын. Комиссия ал боюнча көп жыйынтыктарды айтты. Албетте Аксы окуясы менен Казакстандагы азыркы окуяны параллелдүү жүргүзүүгө толук мүмкүн. Себеби Аксыда тилекке каршы көпкө чейин жергиликтүү бийликтин кол алдына салып берип, борбордон эч кимибиз барбай, акырында ырбап отуруп, эл менен милиция тирешип ошого жеткен.

Жаңы-Өзөндөгү окуя ага караганда тамыры өтө тереңге кетип калды. Себеби жети айдан бери мунай чыккан жерде жумушчулар иш таштап, ысыкта какталып отурду эле. Бирок Астана жактан бирөө да басып барбай, кабар албай койду.

Экинчиси, эл ошол абалда болуп атса да чоң шаан-шөкөт кылып, парад жасаганда элдин жини келди. Бирок ошондой болгон күндө да миңдеген киши чогулган жерге курал атканы туура эмес. Бүгүн 15 кишиге чыгарып атат, бирок дүйнөдө 50дөн ашык киши каза болду деп айтып атат.

Назарбаев биздин ички маселени көп жолу келекелеп, сөөмөйү менен көрсөтүп, "көргүлөчү кыргыздарды" деп отурду эле. Ошондо эле биздин акылдуу кишилер "бизге сын такпаш керек эле" деп айткан.

Назарбаев хулигандар деп чыгып кете албайт, себеби хулигандар Казакстандын жараны болуп эсептелет. Назарбаев өтө чоң ката кетирип алды, мындан чыгыш өтө кыйын болот. Себеби киши өлгөндөн кийин анын артынан комиссия түзүлөт, дүйнөлүк коомчулук киришет, Казакстандын калкы да "эмне үчүн аттың" деп айтат.

“Азаттык”: Азиза айым, Жаңы-Өзөн мунай фирмаларында иштеп жаткан эмгекчилердин нааразылыгы жүрүп жатканына көп болгон. Бул чатак боюнча Европа Коопсуздук жана Кызматташуу уюмунун териштирүүсүнө сиз катышканыңызды айткансыз. Бул чатактын себебин сиз эмнеден көрүп жатасыз?

Азиза Абдирасулова: Ар кандай чыр-чатак чыкканда, аны убагында чечкенге аракет кылыш керек. Мунайчылардын нааразычылыгына 8 айга жакын болуп калды. Аларда иш таштоочу комитеттер түзүлгөн. Эмгек келишиминин негизинде иш алып барыш керек эле.

Мындан 3-4 ай мурда иш таштап отургандарды полиция кууп, 70ке жакын адамдар камалып, булардын укугун коргоп аткан адвокатын да 7 жылга камап салышкан. Булар чындык издеп көп жерлерге барышты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG