Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

КСДП менен “Республика” өкмөттүн жаңы түзүмүн жактырды


Бүгүн Жогорку Кеңештеги Социал демократтар жана “Республика” фракциялары жыйын куруп, коалициялык көпчүлүктөн премьерликке талапкер Өмүрбек Бабанов сунуштап жаткан өкмөт түзүмү боюнча долбоорду жактырды.

19-декабрда коалициялык көпчүлүктүн жыйынында Бабанов бул долбоор кабыл алынса, 7 мамлекеттик орган жана анда иштеген 3 миңден ашык мамлекеттик кызматкер кыскарып, бюджетке 1 миллиард сомду үнөмдөп калса болоорун айткан.

Долбоорго ылайык, өкмөттүн түзүмү 41 мамлекеттик органдан: 14 министрлик, 1 мамлекеттик комитет, 6 мамлекеттик агенттик, 2 мамлекеттик инспекция, 8 мамлекеттик кызмат, 3 мамлекеттик фонд, 1 аттестациялык комиссия, 1 стратегиялык изилдөө институттан түзүлмөкчү. Премьер-министрдин төрт орун басары: Экономикалык блок боюнча биринчи вице-премьер-министр, Реалдуу сектор жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр, Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр, Вице-премьер-министр - Өкмөт Аппаратынын жетекчиси болот.

Коалициялык көпчүлүк макулдашылган долбоорду ушул жумада парламенттин отурумуна алып чыгышы керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG