Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Түндүк Корея Ким Чен-Ир менен коштошууда


Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары бүгүн маркум Кин Чен Ирдин сөөгү салынган айнек табытты көрсөтүп, ошондой эле анын кичүү уулу жана атасынын ордун басат деп күтүлгөн Кин Чен Ын башка мамлекеттик кызматкерлер менен табыттын жанында турган сүрөттөрүн жарыялады. Кимдин сөөгү Пхеняндагы Кумсусан Эскертүү ак сарайында коюлду.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары кечээ 69 жаштагы Ким жүрөгү кармап, кайтыш болгондугун маалымдаган. АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон бул күнү Түндүк Корея тынчтыктын жолун улантат деген үмүтүн билдирди.

Клинтон ошондой эле АКШ Түндүк Кореянын элине жардам берүүгө даяр экендигин кошумчалады:

- Биз Түндүк Кореянын эли менен мамиле жакшырат деп үмүттөнөбүз жана алардын мурдагыдай эле турмуш-шартына өтө камтамабыз.

XS
SM
MD
LG