Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Атамбаев Гавелдин кайтыш болушуна көңүл айтты


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чех Республикасынын Президенти Вацлав Клауска Чехиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Вацлав Гавелдин көз жумгандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өз телеграммасында Атамбаев Гавел гуманизми, эркиндиктин жана демократиянын бийик идеялары менен белгилүү болгон дүйнөлүк масштабдагы адам экендигин белгилеп, анын жаркын элеси бийик рухтун, лидерликтин жана татыктуу келечекке болгон ишенимдин көрүнүшү катары түбөлүккө сакталып кала тургандыгын белгиледи.

Чех маалымат каражаттары Орусиянын бийликтеринен көңүл айтуу болбогондугун жазышууда. Кезегинде Вацлав Гавел Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путинди сындаган билдирүүлөр менен чыгып келген. JCH

XS
SM
MD
LG