Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Апрель жабырлануучулары сотко нааразы


7-апрель окуясынын жабырлануучулары соттук ишти караган судьяга ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүүдө. Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Ырысалиев “Азаттыкка” тастыктады. Жабырлануучулар кечээки соттук жараянда судья Дамир Оңолбеков айыпталуучу Суталиновду экинчи жолу үй камагына чыгарган чечим кабыл алганына нааразы болушууда. Мындан улам бүгүн улана турган жараянга келбей турганын билдиришүүдө.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов апрель окуясы боюнча сотто үй камагына чыгарылганы менен УКМК аны “чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” деген айып менен камакта кармап турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG