Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

УКМК: Суталинов тергөө абагында


7-апрель окуялары боюнча айыпталып жаткан Мурат Суталинов дале УКМКнын тергөө абагында камакта жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, Суталинов “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген жүйөө менен өткөн аптада тергөө абагына алынган. Биринчи май райондук соттун чечими менен эки айга камакта болмокчу. Мындан улам УКМК, апрель соту менен Суталиновдун “чек арадан мыйзамсыз өтүшү” боюнча козголгон иш эки башка экенин билдирүүдө.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов 7-апрелдеги ок атуулар боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн. 14-декабрда Суталинов соттук жараянга келип, сот аны үй камагына чыгарган. Эки күндөн кийин аны УКМК камакка алган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG