Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Москвада И.Яшин, А.Навальный 15 күндүк камактан чыкты


15 күндүк административдик жазадан бошонгон "Солидарность" ("Тилектештик") кыймылынын лидери Илья Яшин менен таанымал блоггер, коррупцияга каршы жигердүү күрөшкөн активист Алексей Навальныйды ондогон журналисттер менен санаалаштары тосуп алды.

Алар камактан чыгаарга чейин эки активисттин санаалаштары алар кармалган убактылуу жайлардын тегерегинде эмне болуп жатканын ийне-жибине чейин интернет булактарына жазып турушту.

Оппозициялык активисттер И.Яшин менен А.Навальный 5-декабрда шайлоонун бурмаланышына нааразы уруксатсыз митингге катышканы үчүн кармалган. 6-декабрда экөөнө тең полициянын буйругуна баш ийген эмес деген негизде 15 күндүк атайын жайга камоого өкүм чыккан.

Бул күндөрү түрдүү оппозициялык кыймылдар 24-декабрда Москвада нааразылык акция өткөрүүгө камынууда. 40 миңден ашуун киши ага катышууга даярдыгын социалдык түйүндөр аркылуу билдирген.
XS
SM
MD
LG