Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Ошто үй-жайсыз 6 адам сууктан каза тапты


Суук түшкөндөн бери Ош шаарында үй-жайсыз 6 адам көчөдө каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков маалымдады. Анын айтымында, ушул тапта үй-жайсыз кишилердин санын тактоо максатында “Көчө” аттуу рейд жүрүп жатат. Кечэ башталган иш-чарада 48 үй-жайсыз адам катталып, алардын бармак издери алынды жана аты-жөнү такталды. Бүгүн болсо алардын саны 100дөн ашканы айтылууда. “Рейддин алкагында үй-жайсыз кишилерге бир маал тамак берилет, кайдан келгенин аныктайбыз. Анан кайра коюп жиберебиз. Башпаанек бергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок. Рейд аркылуу көчө кылмыштарын азайтууну көздөгөнбүз ”, - дейт Замирбек Сыдыков. “Көчө” рейди 2-декабрда башталган, эртең аяктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG