Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Укук коргоочулар Аскаров боюча сот чечимин айыптады


Кыргызстандагы укук коргоочулар кеңеши Жогорку Соттун Азимжан Аскаровго байланыштуу чыгарган чечимин айыптап билдирүү таратты.

Кечээ Жогорку Сот июнь окуясы боюнча айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамдын ишин карап, буга чейинки соттук инстанциялардын өкүмүн күчүндө калтырды. Бир гана мурда 20 жылга соттолгон Минура Мамадалиеванын жаза мөөнөтү 11 жылга кыскартылды.

Аскаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келатат. Анын адвокаты эл аралык сотторго кайрылганы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG