Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:58

Парламентте Акыйкатчыга байланыштуу талаш чыкты


Бүгүн Жогорку Кеңеште парламент отурумуна катышып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акунга байланыштуу талаш чыкты. Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Бакыт Төрөбаев парламенттин регламентине ылайык, Акун жыйынга катышардын мурун уруксат алышы керектигин, ошондуктан катышууга укугу жок экенин айтты. Акун "Акыйкатчы тууралуу" мыйзам боюнча катыша алаарын айтты. Соңунда “Ар-намыс” фракциясынан депутат Камила Талиева Акун жыйынга катышпасын деген сунуш айтып, ал добушка коюлду. Бирок сунуш көпчүлүктүн колдоосун тапкан жок, Акун жыйынга катышып жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG