Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Бирдиктүү энерготүйүндөн Кыргызстан бүгүн да бир ирет ажырады


Бул фактыны “Азаттыкка” “Улуттук электр түйүндөр” компаниясынын төрага орун басары Алексей Бородин ырастады. Анын айтымында, Кыргызстандын түндүгү Борбор Азиянын бирдиктүү энерготүйүнүнөн ажыроосу жергилүү убакыт боюнча саат 17:20да Казакстандын Түндүк -Түштүк транзит түйүнү электр кубатын өткөрүүдөн кабылган ашыкча жүктөн улам болгон:

-17:44тө параллель иш калыбына келтирилди, керектөөчүлөр кошулду. Бирок 18:35те 500 киловолттук линиядагы ашыкча жүктөн улам республиканын түндүгүндө чектөө киргизилди.

Казакстандын түштүгү, Өзбекстан, Кыргызстан бирдиктүү системадан убактысынча ажырап калышын шарттаган авария кечээ, 20-декабрда да катталган.

Казак энергетиктери бул үчүн жоопкерчиликти коңшу Өзбекстанга жүктөдү. Өлкөнүн башкы энергокомпаниясы –KEGOC бүгүн тараткан билдирүүдө айтылгандай, соңку күндөрү Өзбекстан Казакстандын бирдиктүү энергосистемасынан келишимде каралбаган жана мурда мерчемделбеген электр кубатын алып жатат. 20-декабрга карата Өзбекстан ашыкча алган электр кубаты 215 миллион киловатт саатка жеткен. KEGOC мындай шартта Казакстан Борбор Азиянын бирдиктүү түйүнүнөн чыгышын жактарын кошумчалады.

Энергетиктер эгер Казакстан Борбор Азиянын бирдиктүү түйүнүнөн чыкса, Кыргызстан буга даяр эместигин, өлкөнүн түндүгү зыян тартарын белгилеп келишет. Түйүндөн чыгуу демилгесин KEGOC былтыр кышта да көтөргөн. Бирок соңку чечимди казак өкмөтү кабыл алуусу керек.

XS
SM
MD
LG