Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

АКШ базасынан Кыргызстанга 1,4 миллиард доллар түштү


Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спартлен шаршемби күнү “Манас” аба бекетиндеги мурдагы америкалык аскерий база, азыркы транзиттик борбор иштей баштаганынын он жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн учурунда билдирген. АКШ элчиси белгилегендей, “Манас” аба бекетиндеги база Ооганстандагы терроризмге каршы күрөштө маанилүү роль ойноду.

Ал аркылуу соңку он жыл ичинде Ооганстанга кирген же андан чыккан аскерлер саны эки миллионго жетет.База ошондой эле операцияга тартылган аскерий учактарды күйүүчү май менен камсыздоо үчүн да кызмат кылууда.

Кыргызстандын азыркы президенти Алмазбек Атамбаев ырасмий Бишкек транзиттик база боюнча учурдагы келишимди карманарын билдирип, бирок мөөнөтү бүткөндө ал узартылбай калуусу мүмкүн экенин ишара кылган.

Келишим мөөнөтү 2014-жылдын июнь айында аяктайт.

Кыргызстан да мүчө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун президенттери 20-декабрда, Москвадагы саммитте уюмга кирген өлкөлөрдө башка, үчүнчү мамлекеттердин аскерий базалары ЖККУнун макулдугу менен гана жайгашуусун караган чечим кабыл алды. (UE)

XS
SM
MD
LG