Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Бишкекте IT форуму өтөт


Бүгүн Бишкекте байланыш жана маалымат технологияларынын Кыргызстандагы өнүгүшүнө арналган экинчи форум өтөт. Иш-чаранын башкы уюштуруучусу «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук бирикмесинин жетекчиси Татту Мамбеталиеванын «Азаттыкка» кабарлашынча, форумда мамлекеттик кызматтарды электрондоштуруу, телебайланышты жакшыртуу, билим берүүдө маалымат технологияларын колдонуу боюнча жаңы долбоорлор сунушталат. Ошондой эле интернеттеги кыргыз тилин өнүктүрүү, технологиялар паркын куруу маселеси талкууга алынат. Быйыл экинчи жолу өтүп жаткан форумга Кыргызстан менен Орусиянын маалымат технологиялары боюнча адистери, программисттер жана саясий ишмерлер катышат. Форумда маалымат технологиялары багытында мыкты долбоорлорго сыйлык ыйгарылат. Иш-чараны «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондусу, «Жаңы медиа институту», Байланыш операторлору менен программисттер ассоциациялары уюштурууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG