Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Басма сөз: Ордо ойнойлу


Кыргыз гезиттери жылды жыйынтыктай башташты.

Гезиттер да өтүп бараткан жылды жыйынтыктай баштады. Бүгүн жарыккка чыккан “Айат” гезити окурмандар үчүн ойнотуп келаткан “Айат-лото” лотерая оюнунун жыйынтыгын кечээ чыгарды. Атайын комиссиядан түзүлгөн топ бактылуу белеттин ээсин аныктады. Ошентип “Айат” гезитинин баш байгеси болгон “Ауди” автомашинасын Ноокаттын тургуну Аскарали Сүйөркулов утуп алды.

Андан кийинки байге –муздаткычка Элвира Байзакова аттуу окурман татыктуу болду.

Байге ушул жылдын 28-декабрында “Айат” гезитинин кеңсесинде тапшырылат. Гезиттин башкы редактору Жылдыз Мусабекова мындан ары лотерея ойнотуу менен эле чектелип калбастыгын, алдыда жаңы ойлор, окурмандарды кубанта турган жаңы ой-тилектер бар экенин билдирди.

“Айат” гезити ошону менен бирге “жыл мыктыларын” да атады. “Курманжан даткадай калк арасында кадыры калды. Кыраакылыгы, билими, даанышмандыгы, энелик мээрими менен элине ак кызматын кылган экс-президент Роза Отунбаева гезит окурмандарынын алкышына арзуу менен “Жылдын адамы” деп аталды. Мыктылар дагы кимдер болду. Аларды ушул гезиттин бүгүнкү санынан окуп алсаңыздар болот.

“Айат” басылмасында булардан тышкары “Фестивалга 4 млн. короткон Садык Шер-Нияз, ойдо жок жерден олжолуу болгон Одуракаев” деген маек жана жаназадан эки кабат там салган молдо жөнүндө макала, жана башкалар бар.

“Учур” гезити бул санын “Бабанов премьерликке келсе, элдин жеңиши болобу?”, “Мухтар Өмүракунов унутулган жок!” деген чакан кабарлар менен ачып, “Асылбек Алдастабайт экен”, “ Саясый сойкулук Текебаевге жукту”, “Кыйратып салгансып мамлекеттин эсебинен саат алгандар”, “Кой терисин жамынган карышкырлар” деген макалаларды, депутат Бөдөш Мамырованын “Ушак таратуу үчүн Ширинге идея беришет” деген, депутат Улан Чолпонбаевдин “Камчы Көлбаев менен жаңы жылда жолуккам” деген, “Ордо” федерациясынын президенти Табылды Эгемебрдиевдин “Ордо оюну абалак менен кайра жанданды” деген маектерин тартуулады.

Акыркы маекте Табылды мырза “Супара” этнографиялык борборунда өткөн республикалык ордо оюнуна Баткенден башка обулстун ордочулары келип катышканын, биринчи байгени 30 миң сому менен Чүйдүн ордочулары, 2-орунду Бишкек, 3-орунду Нарындын ордочулары жеңип алганын, калган командалар да кур кетпегенин, катышкандыгы үчүн эле ар бири 5 миң сомдон алганын, эми келаткан жайда 60жаштан өткөн ышкыбоз акскалдарды өлкө боюнча чогултуп, ордо мелдешин өткөрөрүн, ошондо Түндүк-Түштүк болуп олтуруп алып ордонун бирдей эрежеси иштелип чыгарын, бул жолку мелдештин байге куржуну 100 миң сом болгонун, эмдиги мелдешке 200 миң сом саярын, байып баратса келечекте байгени миллион сомго жеткирерин, ордо мындан ары өнүгө берерин баяндады.

“Де-факто” гезити чыгармачыл адамдарды жана интеллигенцияны колдоо максатында “Де-факто” гезитин келе жаткан 2012-жылга бекер жаздырууну жүргүзүп жатканын, ал үчүн бардык чыгармачыл адамдар Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеевге кайрылып, анкеталарын толтуруп берүүлөрү керектигин бүгүн жарык көргөн гезити аркылуу гезиттин башкы редактору Чолпон Орозбекова билдирди.

Аталган гезит жаңы санын ак бата менен баштап, Кыргыз эл баатырлары Сүйүнбай Эралиев менен Бексултан Жакиевдин жана Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен Кыргыз эл артисти Нурак Абдрахмановдун баталарын басты.

Гезит “Каракулжалыктардын кармашы же спикер шайланып, “атажуртчулардын” туу куласа кол чапканы” деген ат менен Дилбар Алимованын спикерди шайлоодон жазган кабарын, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун “Келдибековдун тегерегиндеги чуулар мага сабак болушу керек” деген чакан маегин жарыялады.

“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?” деген рубриканын алдындагы макаланын аты “Кыргызстан мигранттардын эсебинен жан багууда” деп аталды.

Гезит ошондой эле “Чын дүйнөдөн чындык издеп кеткендер” деген баштеманын алдында бул жарыкта өлүм деген да бар экенин эске салуу менен арабыздан көзү өтүп кеткен Төлөгөн Касымбековду, Уркаш Мамбеталиевди, Мухтар Өмүракуновду, Мелис Эшимкановду, Алик Акималиевди, Насыр Давлесовду, Аксуубай Атабаевди эскерди.

Журналист Бахтияр Шаматовдун “Дордой” элге үмүт, эртеңки күнгө ишеним берди” деген аталышта “Дордой ассоцациясынын президенти” Аскар Салымбеков менен кеңири маеги басылды. Аскар анысында ата-теги, ата-энеси кимдер болгону, комсомолдо иштеп жүрүп ишкерликке келгени, ээн жаткан талааны (дүйнөдөгү эң чоң базардын саны он болсо) ошонун бирине айлантканы жөнүндө узак кеп салып берген.

“Айгай пресс” гезити жаңы санын “Эч качан адамдын бир да тамчы каны бейкүнөө төгүлбөсүн!” деген тилек менен ачты.

“Ал күнү адилеттик үчүн аянтка чыгып, авторитардык бийликке каршы күрөшүп, кайран өмүрлөр, жапжаш барчындай өмүрлөр кимдер үчүн, кимдерге ишенип кыйылды эле?” деп коңгуроо каккан гезит эгер коомчулукта чоң нааразылык болбогондо Мурат Суталинов үй камагында кала бермегин эстетти.

Журналист Жолдошбек Токоевдин макаласы депутаттардын мыйзам чыгаруу ишмердигине арналып, депутаттардын бири жокто бирине “ишеним кат” аркылуу добуш берүү эрежесин сынга алды. Автор Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиевдин “Россиянын МамДумасын карасаңар, жыйын залында жарым-жартылай депутаттар олтурушат” деп айтканын шилтеме кылып: “Урматтуу Курмантай мырза, Роосия деген башка мамлекет. МамДуманын депутаттары мыйзам кабыл алаарда сөзсүз кворум түзүшөт. Башка күндөрү шайлоочулары менен жолугушуу үчүн 10 миңдеген чакырым, же 2 сутка жол тартышат. Ал эми Кыргызстандын депутаттары эң алыскы шайлоочусуна ашып кетсе 6 саатта барып келет. Кыргызда мындай бир салт бар, кайсы бир адамдын көзү өтүп кетип, ага баралбай кала турган болсо, бараткан кишиге кайрылып “мен үчүн топурак салып койчу” деп табыштайт. Депутаттардын ишеним кат аркылуу добуш берүүсү кыргызчылыктын дал ушул көрүнүшүнө окшоп атпайбы” деп жазып чыкты.

Аталган гезит Лондондо, Римде, Париж менен Берлинде, Афинада жана башка европа өлкөлөрүндө толкуган эл машиналарды өрттөп, дүкөндөр менен башка жайларды талкалап, тоногонун, полицейлерге каршы күйүүчү бөтөлкөлөрдү ыргытканга дейре барганын, бирок Батыш мамлекеттеринин бийлиги бир да жолу “элге ок аткыла!” деп буйрук бербегенин белгилеп, тилекке каршы элге каршы ырайымсыздык менен курал колдонуу Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилерине мүнөздүү көрүнүш экенин, эгемендиктин 20 жылдык тарыхында Тажикстанда так талаштын айынан кан төгүлгөн жарандык согуш 4 жылга созулганын, 2002-жылы Акаев Аксыда, 2004-жылы Каримов Анжиянда, 2010-жылы Бакиев Бишкекте өз элинин канын төксө, эми Назарбаев да “чыканагына” дейре адам канына боелгонун, бир кызыгы Казакстандын Борбордук аянтындагы кандуу “Желтоксон” окуясы 25 жыл өткөндөн кийин Жаңы Өзөн калаасында кайталанганы казак бийлигине берилген ачык белги болуп калганын эскертти.
XS
SM
MD
LG