Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Франция менен Түркиянын мамилеси бузулууда


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган 21-декабрда Анкарада журналисттер менен өткөн кездешүүдө француз президенти Николя Саркозинин "саясый упай алам" деп жасап жаткан кадамына Анкара санкция менен жооп бериши ыктымал экенин эскертти:

- Биз чара колдонобуз. Биринчи этапта биз кандай чарага барарыбызды, экинчи-үчүнчү этапта кандай санкция киргизилерин мен эртеңки сөзүмдө айтат окшойм. Бирок Саркози добуш алуу үчүн барып жаткан калпыс кадам Түркия менен Франциянын алакасына зыян кыларын мен ачык айтам.

Француз парламентинин төмөнкү палатасы - Улуттук жыйын Биринчи Дүйнөлүк согуш кезинде осмон түрктөрүнүн 1 миллион ашык армянды кырганын танууну кылмышка теңөө тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн кечинде колго салат. Кыргынды танган адам долбоорго ылайык, 1 жылга абакка кесилип, 45 миң евро айып пулга жыгылат.

XS
SM
MD
LG