Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Медведев: Өкмөт бузукулардын элди авантюрага түртүшүнө жол бербейт


Бүгүн Дмитрий Медведев президент катары Орусия парламентинин эки палатасы алдында акыркы жолу сөз сүйлөдү. Ал өлкөгө “башаламандык эмес, демократия керек” деп, бийлик “провокаторлор менен экстремисттердин” элди көкүтүп, өлкөдө тополоң салышына жол бербесин айтты:

- Биз провокаторлор менен экстремисттердин коомду өздөрүнүн авантюраларына тартышына жол бербейбиз; биздин ички иштерибизге сырттан кийлигишүүгө да жол бербейбиз.

Медведев региондордун губернаторлорун Кремль дайындабай, эл шайлоосун сунуш кылып, саясый системаны реформалоого да үндөдү.
Дмитрий Медведев марттагы президенттик шайлоого катышпасын айтып, премьер-министр Владимир Путинге жол ачкан. Путин болсо Медеведев өкмөттү жетектээрин айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG