Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Пилай айым Жогорку Соттун чечимине кабатыр


Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары Нави Пилай Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 20-декабрдагы чечимине өкүнүчүн билдирди. Жогорку Сот адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров боюнча сот былтыр ноябрда чыгарган өкүмдү колдогон болчу. Төмөнкү инстанциядагы сот Азимжан Аскаровду былтыр жайдагы улут аралык чатакта милициянын офицерин өлтүрдү, массалык башаламандыкты уюштуруучулардын бири деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Кечээ Азимжан Аскаров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму аркылуу коомчулукка жолдогон катта сот чечимине ынанбаганын, былтыркы калабада набыт болгон 24 адамдын иши боюнча жаңы тергөө башталбса, 10-январдан тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыяларын эскерткен. Бул жөнүндө адам укугун коргоочу Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” бүгүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG