Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:25

Франциянын Улуттук жыйынына Түркия каршы жооп берди


Француз парламентинин төмөнкү палатасы Биринчи Дүйнөлүк согуш кезинде осмон түрктөрүнүн 1 миллиондон ашык армянды кырганын танууну кылмышка теңөө тууралуу мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Кыргынды танган же андан аз адам өлгөн деген адам долбоорго ылайык, 1 жылга абакка кесилип, 45 миң евро айып пул төлөйт. Эми мыйзам долбоорун Сенат кабыл алыш керек.

Франция 2001-жылы Осмон империясы маалындагы кыргынды ырасмий тааныган. Ырасмий Анкара 1915-жылы эки жактан тең эсепсиз адам өлгөнүн айтып, бирок геноцид болбогонун айтып келет. Француз өкмөтүнүн өкүлү Улуттук жыйын кабыл алган мыйзам долбоору жалгыз армян кыргыны эмес, бардык геноциддерге таандык экенин кайра кайталады. Буга байлагыштуу Түркия Париждеги элчисин чакырып алды.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган кечээ журналисттер менен кездешүүдө француз президенти Николя Саркозинин саясый упай алам деп жасап жаткан кадамына Анкара санкция менен жооп бериши ыктымал экенин эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG