Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Лөлү-сыгандар кыргызча үйрөнүүдө


Лөлүлөрдүн көпчүлүгү балдары кыргызча окуп, жогорку билим алышын каалайт. (Сүрөттө: Жаңыкыштактык лөлүлөр, 2011-жылдын 18-августу.)
Лөлүлөрдүн көпчүлүгү балдары кыргызча окуп, жогорку билим алышын каалайт. (Сүрөттө: Жаңыкыштактык лөлүлөр, 2011-жылдын 18-августу.)

Ош шаарына босоголош Жаңы-Кыштак деп аталган айылдын көпчүлүк калкы - лөлүлөр. Лөлү жамааты аларды жарды деген пикирге макул эмес. Бирок лөлү балдардын кайыр сурап жүргөнү кадимки көрүнүш.

Кыштакта сегиз жылдык кыргыз мектеп бар. Ата-энелери кийим-кече жана окуу китептери менен камсыздай албагандыктан, көпчүлүк балдар мектепке барбайт.

-Балдарым чоңойгондо Кыргызстандын өзүнө ток жараны болушун каалаймын. Кыргыз тилин жакшы билишсе, келечекте өздөрүнө татыктуу жумушту табышат деп ишенем, - дейт 35 жаштагы Махира айым.

Анын алты баласы бар. Көпчүлүк лөлүлөрдүн тийиштүү документтери жок болгондуктан, алар Ош шаарында негизинен кара жумуштарда иштешет.

Кара-Суу районундагы Нариман айыл округунун мурдагы башчысы, азыр пенсиядагы Абдулатиф Шадмановдун сөзүнгө караганда, бу кыштакта жашаган 3 миң адамдын 60 процентине жакынында паспорттору жок. Ал эми балдардын ар бир үчүнчүсүндө туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү жок экен. Ошон үчүн Шадмановдун айтышынча, лөлүлөр социалдык жактан корголгон эмес; пенсия дагы башка жөлөк пулдарды алышпайт. Ырас өкмөт аларга колдон келген жардамын берилип жүрөт.

- Билими жоктук жана укуктук сабатсыздык лөлүлөрдү элден обочолонуп жана элге камыр-жумур аралашпай жашаганга мажбур кылат, - дейт жергиликтүү университеттин окутуучусу Алийма Шарипова. Алийма айымдын пикиринче, Жаңы-Кыштактын көпчүлүк тургундары башка этностор кысынтып-кодулайт деп кооптонушкандыктан, сырт жактарга барып иштегенге даашпайт.

Илимпоздордун боолгошунча, жергиликтүү лөлүлөрдүн түбү Чыгыш Европа сыгандары менен бир жана алардын бабалары байыркы Индиядагы төмөнкү касталардан болот. “Алардын тилинен урду тилинин, анча- мынча хинди тилинин да таасирин байкоо мүмкүн,-деп түшүндүрөт тарых илимдеринин кандидаты Антонина Захарова.-Ирандагы көчмөн жашоосу алардын тили калыптанышына алып барган жана акырындап индоевропа тилдеринин иран тобуна, өзгөчө, тажик тилине жакын болуп калган.”

Окумуштуунун айтымында, өткөн кылымдын 50-жылдары совет өкмөтү лөлүлөргө Кара-Суу районундагы Ленин атындагы колхоздун аймагынан тамаркага үлүш бөлүп берген. Алар азыр да мына ошол жерде жашайт. Борборазиялык лөлүлөрдүн башкаларга окшобогон жашоосу алар жөнүндө акыркы ондогон жылдары өзүнчө бир стереотипти жаратты. Анткен менен алар да башка этностогу адамдар сыяктуу эле стадионго барып, футбол ойноону, маданият үйүнө барып, оюн тамаша курганды жана кинотеатрга барып, кино көргүлөрү келет.

Махира айым мамлекеттик тилди үйрөнгөн жаш муун коомго тыкыс аралашып, эл ичинде алар жөнүндө калыптанган натуура стереотиптен айрылууга көмөктөшөт деген ишеничте. Бирок Антонина Захарова айткандай, кайсы гана болбосун улуттун келечеги алардын билим алууга болгон укугун чындап турмушка ашырганга көз каранды.

Захарова айымдын айтышынча, азырынча лөлүлөр бул жагынан корголгон эмес:

- Жарды материалдык база, окуу китептеринин, техникалык каражаттардын жана лабораториялык жабдуулардын тартыштыгы жогорку класстардын окуучуларынын сабакка катышуусуна тескери таасир этет. Мектепке барбай калган балдар шаардын көчөлөрүндө кайыр сурап жүрүшөт. Алар кийин сабатсыз келечеги чектелген лөлүлөрдүн катарын толуктайт.

Жаңыкыштактык лөлү үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү сабатсыз болгондуктан балдары мектептен кыргызча терең жана жакшы билим алышын каалашат. Айрым ата-энелер балдары мамлекеттик тилди билсе, жогорку окуу жайлардан окуп, Кыргызстандын тең укуктуу жарандарынан болот деген үмүттө.


Оштогу лөлү-сыгандардын турмушунан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG