Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Кыргыз тилин үйрөткөн сайт ишке киришти


Кыргызстандагы “Дилгир программисттер” тобу интернет аркылуу кыргыз тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берген Tili.kg вебсайтын ишке киргизишти. Бул тууралуу сайтты жасап чыккандардын бири Александр Туманов кечээ Бишкекте өткөн IT форумда кабарлады.

Маалыматка ылайык, каалоочулар сайтка кирип, акысыз каттоодон өткөндөн кийин кыргыз тилиндеги материалдар менен тааныша алышат. Мындан тышкары сөздөрдү орусчадан кыргызчага, кыргызчадан орусчага которууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда бул сайтты дагы жакшыртуу үстүндө иш жүргүзүлүүдө. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG