Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Президент Назарбаев Жаңы-Өзөнгө барды


Казак өлкө башчыcы кандуу тополоң болгон Жаңы-Өзөн шаарына барып, бир катар аткаминерлерди кызматтан алды.

Президенттин маалымат кызматы Маңгыс-Тоо облусунун губернатору Карымбек Кушербаев, "КазМунайГаз" нефтегаз ишканасынын башчысы менен Улуттук "Самрук-Казына" корунун жетекчиси, Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев кызматтан кеткенин билдирет.

Маңгыс-Тоо облусунун жаңы акими Бауржан Мухамежановдун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө 16-декабрдагы тополоңдо жана ага уланган башаламандыкта мерт болгон 15 кишинин жоопкерчилиги "КазМунайГаз" компаниясынын жетекчилигине жүктөлөөрү айтылат.

Евробиримдик, ЕККУ, АКШ өкмөтү баштаган бир катар тараптар казак бийлигин окуяны кылдат иликтөөгө чакырат.

XS
SM
MD
LG