Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Ысык-Көлдө сабалган Эрбол эсине келип, сүйлөй баштады


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Катуу соккудан мээ сөөгү жабыркаган сегиз жаштагы Эрбол Дүйшебековго Ысык-Көл облустук ооруканасында операция жасалган. Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Сыдык Чолпонбаевдин билдиришинче, баланын абалы дале оор, бирок ал ушул тапта эсин жыйып, сүйлөй баштады.

20-декабрда Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынын 23 жаштагы тургуну мас абалында жолдо чана тээп ойноп жаткан үч балага кол салып, алты жаштагы Санжар Тыгышевди сабап өлтүрүп койгон. Сегиз жаштагы Эрбол катуу токмоктон улам оор абалда ооруканага түшкөн. Үчүнчү бала качып кетүүгө үлгүргөн. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG