Акцияга жарандык активист Асхат Дукенбаев баштаган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынан, “Таза табигат” коомдук бирикмесинен 20га чукул киши катышты. Алар Жаңы-Өзөндө мерт болгондорду бир мүнөттүк аза күтүп эскеришип, “Нефть канга тете эмес” деген плакаттарды илишти. “Жаңы-Өзөндөгү окуя казак бийлигинин жүзүн көрсөтүп, казак коомчулугун ойготуп койду” деди Асхат Дукенбаев. Казак элчилигинен чогулгандарга эч ким чыккан жок. Акцияга жыйырмага чукул тартип коргоо кызматкерлери көз салып турушту. (AzK/BkA)