Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Парламенттин кезексиз отуруму башталды


Депутат Акматбек Келдибеков, Марат Султанов, Камчыбек Ташиев кезексиз отурумдун өтүшү түшүнүксүз болуп жатканын билдирди. Алар өкмөттүн түзүмү, курамы фракция, комитеттерде толук каралышы керектигин, бүгүнкү кезексиз отурум болоорун эки саат мурун гана угушканын билдирди. Чыныбай Турсунбеков депутаттардын укпай калдым деген дооматтарын четке кагып, муну жумурткадан кыр издөө деп атады. Спикер Асылбек Жээнбеков өкмөттүн программасы, түзүмү, курамы боюнча бир аптадан бери талкуу болуп жатканын белгилеп, ал бүгүн регламенттин 123-беренесине таянып кезексиз жыйынды чакырганын билдирди. Ага ылайык кезексиз жыйын аптанын шаршемби-бейшемби күндөрүнөн башка күндөрү президенттин же спикердин сунушу менен чакырылат. (AzK)

XS
SM
MD
LG