Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Парламентте Бабанов программасын сунуштады


Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун программасы үч баскычка бөлүнөт. Программада өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо, реформаларды ишке ашыруу жана Кыргызстан өзүн өзү камсыздай алган экономикага жетүү жана өнүгүү багыттары каралган. Жаңы өкмөттүн түзүмү боюнча 15 министрлик жана бир мамлекеттик комитет бар.

Премьер-министрге “Республика” фракциясынан Өмүрбек Бабанов талапкерлиги тандалып алынган. Андан кийин биринчи вице-премьер-министрликке СДПК фракциясынан Аалы Карашев, экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министрликке “Ата Мекен” фракциясынан Жоомарт Оторбаев, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке Гүльнара Асымбекова көрсөтүлгөн.
Өкмөттүн аппаратынын жетекчисине "Республика" фракциясынан Төрөгул Беков талапкер болуп саналат.

Ал эми каржы министрине "Ар-намыс" фракциясынан Акылбек Жапаров, экономика жана антимонополдук саясат боюнча министрге СДПКдан Темир Сариев, юстиция министрине "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шикмаматов, энергетика жана өндүрүш министрине "Республикадан" Аскар Шадиев, ички иштер министрине СДПК фракциясынан Зарылбек Рысалиев, өзгөчө кырдаалдар министрине "Республика" фракциясынан Кубатбек Боронов, тышкы иштер министрине "Республика" фракциясынан Руслан Казакбаев, саламаттыкты сактоо министрине СДПК фракциясынан Динара Сагынбаева, билим берүү жана илим министрине СДПКдан Канатбек Садыков, транспорт жана жол министрине "Ата Мекенден" Калыкбек Султанов, социалдык жактан коргоо министрине "Ата Мекен" фракциясынан Равшан Сабиров, жаштар министрине СДПК фракциясынан Алиасбек Алымкулов, айыл чарба министрине "Ар-намыс" фракциясынан Сапарбек Тынаев, маданият министрине талапкерликке Ибрагим Жунусов “Ата Журт” партиясынын мүчөсү катары көрсөтүлгөн.

Коргоо министрин президент дайындайт. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG