Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Нурсултан Назарбаев күйөө баласын кызматтан алды


Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуядан кийин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев күйөө баласы Тимур Кулибаевди мамлекеттик "Самрук-Казына" холдингинин жетекчилигинен кетирди. "Самрук-Казына" "Каз-МунайГаз" ишканасына ээлик кылат.

Назарбаевдин маалымат кызматы ошондой эле "КазМунайГаздын" жана анын Лондондогу бөлүмүнүн жетекчилерин кызматтан кетиргенин бышыктады. Президент мындан тышкары Мангыстау аймагынын акимин иштен алды.

Мангыстауда жайгашкан Жаңы-Өзөн шаарында өткөн жума күнү мунай жумушчулары полиция менен кагылышып, аз дегенде 15 демонстрант өлтүрүлгөн. Жумушчулар май айынан бери иш таштап, айлык акысын көбөйтүүнү талап кылып жатышкан. Буга чейин Казакстандын баш прокурору бул окуяны иликтөөгө Бириккен Улуттар уюмун чакырганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG