Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 15:56

Ош-Эркечтам жолунда 15 унаанын майы тоңуп калды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмат кабарлагандай, Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Алай районуна караштуу 225-чакырымында жүк ташуучу 15 унаанын күйүүчү майы тоңуп калып, токтоп турат. Буга чейин да бир нече жеңил машиненин мындай жагдайга кабылып, куткаруучулардын жардамына муктаж болушкан.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында, кечээ Сарыташ, Нура, айылдарына МАИ посттору коюлуп, Ош-Сарыташ-Эркечтам унаа жолу кечки жетиден таңкы сегизге чейин жабылган болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG