Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 04:55

Иран деңизде он күндүк машыгуу баштады


Машыгуулар дүйнө үчүн мунай ташууда чечүүчү жол болгон Ормуз кысыгында башталды. Ирандын деңиз күчтөрүнүн колбашчысы Хабибулла Саяринин билдиргенине караганда, “Вилает - 90” деп аталган бул машыгуу Ормуз кысыгынын чыгышынан Аден булуңуна чейинки аймакты камтыйт. Бир жээги Иран тарапта жайгашкан Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөнүн мунай тарткан танкерлеринин үчтөн биринен көбү өтөт. Бул маанилүү жол ачык турушун кепилдөө үчүн АКШ Перси булуңунун айланасында өзүнүн деңиз күчтөрүн жайгаштырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG