Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Башкы ассамблея БУУнун бюджетин кыскартууга макул болду


Муну менен дүйнөлүк уюмдун бюджети акыркы элүү жылда экинчи ирет кыскартылып олтурат. Ишембиде жетишилген макулдашууга ылайык, Улуттар уюмунун 2012-2013-жылдагы бюджети 5 миллиард 150 миллион деп белгиленди. Ал эми 2010-2011-жылдары бул көрсөткүч 5 миллиард 410 миллион долларды түзгөн. Башкача айтканда, БУУнун бюджети 5 пайыздын тегерегинде кыскарып олтурат.

Кабарларга караганда, БУУнун чыгымдарынын 20 пайыздан ашуунун көтөргөн АКШ жана карыз кризисине кабылган Европа өлкөлөрү бюджет кыскартылышын колдогон. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бюджеттин көлөмүн мурдагы деңгээлде калтырууга чакырышкан.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун тараптар макулдашууга жеткенин кубаттады, бирок өкмөттөр жана калк баардык жерде экономикалык кыйынчылык менен күрөшүп жаткандыктан сүйлөшүүлөр “өтө татаал” болгонун моюнга алды. Башкатчы ошондой эле бюджет келечекте да кыскартыларын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдө АКШ делегациясын жетектеген Жозеф Торселланын айтымында, БУУнун бюджети мурдагы жылдардагы чыгымдарына салыштырмалуу 1998-жылдан бери биринчи, ал эми соңку элүү жылда экинчи ирет гана кыскартылды.

XS
SM
MD
LG