Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Рим папасы Азия менен Африканы тынчтыкка чакырды


Рим папасы Ватиканда диний жөрөлгө өткөрүүдө. 24-декабрь, 2011-жыл.

Рим папасы Ватиканда диний жөрөлгө өткөрүүдө. 24-декабрь, 2011-жыл.

Иса пайгамбардын туулган күнү майрамдалып жаткан учурдагы салттык кайрылуусунда Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Бенедикт XVI динзарларды дүйнөдө жолу анча болбой калгандар менен “рухий биримдикте” болууга умтулууга чакырды.

Сексен төрт жаштагы понтифик Африкада ачарчылыктан жабыр тарткандар үчүн, Израиль –Палестина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөр калыбына келүүсү, Сириядагы кан төгүү токтошу, Ирак менен Ооганстандагы кырдаал турукташууу үчүн Жаратканга сыйынды. Дүйнө католиктеринин лидери өз сөзүндө ааламдын коогалуу жерлерин эскерип, “добушу жоктор үчүн сүйлөө” зарылдыгын белгиледи.

Папанын “Шаарга жана дүйнөгө” ("Urbi et Orbi") деп аталган кайрылуусу алтымыш өлкөдө теле-радиодон берилди.

Жекшемби түштө Ватикандагы ыйык Петр соборунун балконуна чыккан Бенедикт XVI динзарларга 65 тилде бата берди.

Быйылкы майрам учурундагы сөздөрүндө Рим папасы Иса пайгамбардын туулган күнү коммерциялашып кеткенин да сынга алды.

Ватикан бүгүн ошондой эле Нигерияда христиандардын ыйык майрам күнү чиркөөлөргө жасалган кол салууну айыптап, муну адам өмүрүн эч урматтабаган “мыкаачылыктын, абсурддун жана сокур жек көрүүчүлүктүн” белгиси деп атады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG