Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

Быйыл 67 мигранттын сөөгү мекенине келди


Мурдагы Эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигине жыл башынан бери 76 адам чет жерде каза болгону тууралуу маалымат түшүп, алардын ичинен 67 жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Мурзаева билдирди. Маалыматка ылайык, бөтөн жерде көз жумган жарандарды алып келүү үчүн 1 миллион 800 миң сомдон ашык каражат сарпталды. Жыл сайын 70-90го жакын кыргызстандык чет өлкөдө каза табат. Алардын көпчүлүгү Орусияга туура келет. Чет өлкөдө иш маалында кырсыктаган адамдар менен катар киши колдуу болгон учурлар да кездешет. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG