Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Батыш Нигериядагы теракттарды айыптады


Батыш өлкөлөрү Нигериядагы жардырууларды айыпташты. Ыйса пайгамбардын туулган күнүндө болгон кол салуулардан кеминде 35 киши жан таслим болду. Бийликтин маалыматына караганда, бир бомба Мадалладагы ибадатканада, экинчиси Жос деген шаардын чиркөөсүндө жарылган. Дагы 3 жардыруу түндүктөгү Йобе чөлкөмүндө орун алган. Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти “Боко Харам” деген исламчыл топ өзүнө алды. Топ августта БУУнун Нигериянын баш калаасы - Абужадагы имаратын жардырганын моюнга алган. Ошондо 24 киши мүрт кетип, 100дөн ашууну жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG