Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Россиялык активист дагы 10 күнгө камалды


Орус оппозициясынын активисттери 29-декабрда Москвада акция өткөрүп, “Солчул майдандын” координатору Сергей Удальцовдун бошотулушун талап кылууга үндөшүүдө. Жекшембиде Удальцов полицияга баш ийбегендиги үчүн 10 күнгө камакка алынган. Ал 15 күндүк камактан жаңы эле коё берилген. Камакта отурганда ачкачылык жарыялап, доктурлардын көзөмөлүндө болуп келген. Удальцовдун жубайы Анастасия “Калыс шайлоо үчүн” деген митингдердин уюштуручуларынын бири.

Ишембиде Россиянын бир нече шаарында 4-декабрдагы шайлоонун жыйнытыгы бурмаланды деген миңдеген киши демонстрацияларды өткөрүшкөн. Москвада, уюштуручулардын айтымында, нааразылык акциясына 100 миңден ашуун киши чогулган.

XS
SM
MD
LG