Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Июнь коогасында курман болгон милиционерге эстелик орнотулду


Оштун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык мектебине июнь коогасында курман болгон милиция кызматкери Ибрагим Кулбаевдин ысымы ыйгарылып, мектеп короосуна эстелиги орнотулду. Айылдагы өзү чоңойгон үйүнө анын жеке музейи ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жуманын аягында Жаңы-Арык айылында болгон салтанатка ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов катышты.

Ибрагим Кулбаев 2010-жылдын 14-июнунда Ош шаарындагы капсалаңда кызмат учурунда курман болгон. Кийин ал“Эрдик” медалы менен сыйланган. Кулбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон, шектүүлөргө издөө салынган. Азырынча алар кармала элек. (RK/SE)

XS
SM
MD
LG