Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Кызыл-Кыя: Шайлоого байланыштуу кылмыш иши каралат


Бүгүн Баткендеги Кызыл-Кыя шаардык соту шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин карайт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. Жоопко тартылгандар - Кызыл-Кыядагы № 8156 шайлоо участогунун төрайымы Р.Хамракулова жана катчысы Д.Бекназарова. Алар 30-октябрда президенттик шайлоо күнү "өздөрү каалаган талапкерге добуш белгисин коюп, бюллетендерди урнага салууга даярдап жатканда "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясынын байкоочусу тарабынан кармалган". 12 даана бюллетендин сегизинде талапкер Атамбаевге, бирөөндө талапкер Асанбековго белги коюлганы аныкталган. 30-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылыгына шайлоочулардын 60 пайыздан көбүнүн добушун алган Алмазбек Атамбаев келди. БШК шайлоодо айрым мыйзам бузуулар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир бере албаганын билдирген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG