Бүгүн Бишкекте быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты деп аталган спортчуларга, машыктыруучуларга, мектептерге жана спорт темасын чагылдырган журналисттерге сыйлыктар тапшырылды. Кабарчыбыздын маалымдашынча, 14 машыктыруучу 3 миң сомдон, 8 спортчу 4 миң сомдон алды. Мыкты мектептерге, окутуучуларга жана журналисттерге телевизор, DVD жана музыка ойноткучтар тапшырылды. (RK)